Бычак менен коркутуп 26 жаштагы жарандын кийимин, телефонун жана акчасын тартып алгандар кармалышты

Чүйдүн Аламүдүн айылындагы мектептин жанынан Нарын облусунун 26 жаштагы тургунуна белгисиз 2 адам кол салып, анын уюлдук телефонун, акчасын, документтерин жана кийимин тартып алышкан. Маалымат Чүй ОИИБинен алынды. Мас абалындага 2 адам жабырлануучуну бычак менен коркутушкан. Окуя тууралуу маалымат түшкөн соң укук коргоо кызматкерлери ыкчам чара көрүшүп, 20 жана 23 жаштагы жарандарды кармашты. Текшерүүдө алардын жанынан окуяга далил буюмдар табылды жана кылмышка шектүүнүн бирөөсү мурда соттолгон жаран экендиги белгилүү болду. Фактыны иликтөө боюнча Аламүдүн РИИБи иш алып барууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан