Бишкекте эшиги бекилип калган батирдин ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү саат 12:33тө ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 7-кичи райондогу №5-үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирди ачкан учурда анын ичинен 1962-жылы туулган А.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

Адамдын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, куткаруучуларды коңшу батирде жашаган адамдар чакырышкан. Анткени жансыз дене табылган батирден жагымсыз жыт чыга баштаган. Денеге жүргүзүлгөн алгачкы кароодо ага эч кандай күч колдонуу болбогону аныкталган.

Азыркы тапта соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгын маалымат кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан