"Азия Микс" КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров жубайы менен ажырашкандыгы тууралуу билдирүү жасады. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыккан.
"Комедиянын аягы. Кыскача жазып коёюн. Ушул билдирүүдөн кийин эч кандай суроолор жаралбайт деп ишенем. Мен өзүмдү жакшы көрбөйм, көп кемчиликтерим бар. Мындай адам ортодогу мамилеге жарык чача албайт. Өзүмдөн гана бакыт издейм. Эгер ошол бактылуулукту өзүмдөн таба алсам, анда өзүмдүн адамым менен бөлүшөм... Бүттү!" - деп жазган ал. Кененсаров кийинчерээк жогорудагы билдирүүсүн өчүрүп, "Түшүндүрүп айттым! Бардыгыңарга түшүнүктүү болсо керек! Кеттик!" деген билдирүү калтырган.
Буга чейин Элдияр Кененсаровдун жубайы Абдил Камила Онайбек кызы жолдошу менен 1 жыл мурда ажырашып кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.