Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук курун коргойт

Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында өтө турган профессионалдык бокс боюнча кезектеги беттешин өткөрөт. Анда кыргыз мушкери Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча Азия чемпиону наамын коргойт.

27 жаштагы Акжол Сулайманбек уулу "RCC Boxing Promotions" уюмунун мелдешине катышып, филиппиндик Жон Жон Эстрада менен беттешмекчи. Беттеш 59 килограммга чейинки салмактык категорияда өтөт. Мелдеш Екатеринбург шаарында 8-декабрда орун алып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө старт алат.

Даярдыгы тууралуу мушкерге кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Даярдык буюрса жакшы. Екатеринбург шаарында машыгууларды жүргүзүп жатам. Күнүнө 2 маал машыгуулар, эртеден кечке чейин диета кармап жатам. Атаандашым тууралуу көп маалыматым жок. Болгону каяктык мушкер экенин билем жана буга чейинки беттештерин көргөн жокмун", - деп айтты Сулайманбек уулу.

Айта кетсек, Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасында 12 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Анын ичинен 6 беттеште атаандашын нокаут менен жеңип алган. Ошондой эле кыргыз мушкер Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) жана Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) Азия чемпиону наамына жана чемпиондук курунун ээси болот.

Жон Жон Эстрада профессионалдык карьерасында 16 беттеш өткөрүп, 11 жолу жеңишке, 1 жолу тең чыгып, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Анын ичинен 10 беттеште атаандашын нокаут менен уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aza17
2018-11-27 14:06:12
Акжол Сулайманбек уулуна ийглик каалайбыз.
+5
musabai2002
2018-12-01 22:16:08
Ийгилик буйурса женишке жетишесиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан