13-июлда Баткен облусунун Баткен районунда 15 жаштагы бала сууга чөгүп кеткен. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык саат 15:10 чамасында Төрт-Күл суу сактагычында орун алган. Чөгүп кеткен жаран 1998-жылы туулган Райимберди Улукбек уулун издөө иштерин ӨКМнын 3-издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары жүргүзүүдө.