Бишкек ШИИББинин Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 28 килограмм 400 грамм баңгизатын алып бара жаткан жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда Жайыл районунун “Сосновка” өткөрүү бекетинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унааны тинтүү учурунда коробкаларда пластилинге окшогон 20х25 сантиметр көлөмүндөгү 57 даана гашиш табылган. Бул факт боюнча унаанын айдоочусу, 1981-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайга камалып, ага карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.