Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду
Бүгүн, 15-июлда саат 05:09да Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагынан орун алып, Ош облусунун Алай районундагы Боордөбө айылынан 48 чакырым түштүк-батыш тарапта, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынан 50 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Дароот-Коргон айылынан 75 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашты. Жер титирөөнүн күчү Боордөбө, Ачык-Суу айылдарында 3 баллга жетти. Кырсыктан жабыркагандар жок.