Мексиканын Мехико шаарында 13-18-ноябрда көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Ага өлкөбүздүн курама командасы дагы катышты. SUPER.KG порталы Мексикага барып, өлкөбүздүн желегин элге тааныткан Кыргыз Республикасынын көчө футбол боюнча федерациясынын президенти Турар Ибрагимов менен маек курду.
Саламатсызбы, Турар мырза, мелдеш жана Мексика тууралуу айтып берсеңиз?
- Көчө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Мексиканын Мехико шаарында өттү. Бул мелдешке биздин өлкөдөн 8 футболчу, машыктыруучу жана мен кураманын менеджери катары бардым. Жалпы мелдешке дүйнөнүн 42 мамлекетинен курамалар келишти.
Мексика өнүккөн мамлекеттерден, бардыгы кооз, деңгээли - жогорку. Тилекке каршы, мексикалыктар биздин өлкөбүздү билбейт экен. Алардын билгени Орусия, Кытай жана кээ бир мамлекеттер экен. Кыргыз дегенди укпаган мексикалыктарга, биз желегибизди көрсөтүп, калпагыбызды кийгизип, өлкөбүздүн кооз сүрөттөрүнө чейин көрсөтүп жаттык.
Мелдешке барган курама команданын мүчөлөрү кандай болуп тандалды?
- Бул мелдешке барууга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөгөнү үчүн мелдешке баруучуларды тандоодо дароо 2 маселени чечүү керек болду. Биринчиси жана эң башкысы каржы маселеси болсо, экинчиси бара турган футболчунун чеберчилиги. Мелдешке баруу үчүн 2 миң доллардан ашуун каражат керектелген. Ар бир футболчу өзүнө демөөрчү таап каражат маселесин чечти. Мен дагы өзүмдүн акчамды сарптап, биздин дарбазачы каражат таба албай калып ал үчүн дагы акча табууга аргасыз болдум. Анткени тажрыйбалуу дарбазачы жок баргандан көрө барбай эле койгон туура деп ойлойм.
Мамлекеттик органдардан жардам сурап кайрылдыңар беле?
- Албетте, эң алгач мамлекетик органдарга кайрылганбыз. Бирок бюджетте акча жоктугунан улам бизге жардам берүүдөн баш тартышты. Алардын айтымында, быйыл Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана Азия оюндарына катышууга абдан көп акча сарпталып, каражат жок калган.
Команданы топтоо учурунда кандай кыйынчылыктар болду?
- Биз каражаттан абдан аксап жатканда аткаминер, бизнесмендер келип анын таанышын мелдешке алып барууну сурангандар көп болду. "Эгерде таанышымды алып барсаң силердин бир футболчуңар барганга акча берем" деп жатышты. Алардын ойногонун көрсөк, алар мелдешке турист катары эле бармак. Топ тепкенин көрсөң күлкүң келет. Алардын бизге эмне кереги бар? Биз мелдеште Кыргыз өлкөсүндө өнүккөн футбол бар экенин көрсөтүү үчүн барганбыз да. Ошондуктан ар бир оюнчу өзүнө каражат таап мелдешке катышты.
Дагы бир маселе - бул биз үчүн виза алуу болду. Бул маселе боюнча бизге Орусиядагы элчилик абдан чоң жардам көрсөттү. Визаны алууга биз Москвага барып манжалардын изин тапшырыш керек болду. Биз ансыз деле каражаттан кыйналып жатканда, бир манжаны басыш үчүн бардык курама Москвага чейин бара алган жокпуз. Орусиядагы элчилик, Мексика менен байланышып, бул маселени биз үчүн чечип берди. Бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, биз манжабыздын издерин Мехико шаарынан тапшырдык.
Мелдеш учурунда кызыктуу окуялар тууралуу айтып берсеңиз?
- Көчө футболдо талаанын четтери жабык, аут деген жок. Ошондой эле эреже боюнча ар бир беттеш 7 мүнөттөн 2 тайм болот. Биз кураманы топтоп жатканда бардыгына "7 мүнөттөн 2 тайм чуркап ойной аласыңарбы" деп сураганбыз. Бардыгы бирдей "ооба, оңой эле го" деп жооп берип, "биз 20 мүнөттөн көбүрөөк ойнойбуз" деп кошумчалап жатышты. Мексикага жетип, алгачкы оюнда балдардын "оңой эле" деген сөздөрү "мени алмаштыр, чарчадым, сен оюнга чык" дегенге алмашты. Балдардын бири дагы 1 таймга чыдаган жок. Орто эсеп менен айтканда, 3 мүнөттө ар бир футболчу чарчап, алмаштырууга муктаж болуп жатты. Курамадагы футболчулар өлкөбүздө кичи футбол ойноп көнүп калышкан, алар көчө футболдо оюн бир топ тез өтө турганын билген эмес окшойт.
Көчө футболу боюнча буга чейин курама команда жок беле?
- Көчө футболу өлкөбүздө кеңири тараган эмес. Жадакалса өлкөбүздө атайын көчө футболдун талаасы жок. Бирок биз кураманы түзүп, башка мелдештерге катышып жүрөбүз. Биз Азия чемпиондугуна, Европанын ачык чемпиондугуна жана башка эл аралык мелдештерде барып турабыз.
Буга чейин көчө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна Гүлбара Уматалиеванын баштоосунда биздин жаш кыздар барып турчу. Алар 2016-жылы Шотландияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдарды тагынып келишсе, 2017-жылы 4-орунду ээлеп калышкан. Быйыл федерациянын чечими менен мелдешке эркектер барды.
Мелдешке катышканыңар жөнүндө айтсаңыз?
- Мелдеште командалар 8 тайпага бөлүндү, ар бир тайпада 5 командадан болду. Мелдештин эрежелерине ылайык мелдеште командалар алардын оруну аныкталганга чейин беттешти. Мисалы, командалар 1-2-3-орундарга үчүн эле эмес, 40-орунду ээлегенге чейин күч сынашты.
Биздин курама команда "А" тайпасына Мексика, Австрия, Италия жана Гонконг курама командалары менен бирге кирди. Биз алгачкы беттеште Италия курама командасы менен ойнодук. Бул беттеште бизге ийгилик жылмайып, италиялыктарды 5:4 эсеби менен жеңип алдык. Мындан кийин талаа ээлери - Мексика командасы менен ойноп, аларга 4:10 эсебинде жеңилсек, 3-турда Венгрия курамасы менен 3:6 эсебинде ойнодук. Тайпалык баскычтын акыркы оюнунда Гонконг командасы менен ойноп аларды 5:4 эсебинде жеңип алдык. Муну менен биз "А" тайпасында 6 упай менен 3-орунду ээледик.
Мындан кийин оюндардын 2-этабы орун алды. Анда биздин курама "С" тайпасына кирип, Литва, Румыния, Босния жана Герцеговина, Болгария, Польша курама командалары менен кездештик. Тилекке каршы, бул тайпада биз жеңишке жете алган жокпуз. Бул беттештердин жүрүшүндө кыргыз футболчулары жакшы оюн көрсөтүп жатышты, бирок беттештин аягында алсыз болуп калып, жеңишти тарттырып жибердик.
Бул жыйынтык менен биз 3-этапта 17-24-орундар үчүн беттешмей болуп калдык. Бул оюндар "Fundacion Telmex Telcel Trophy" деген аталышта орун алды. Анда 8 команда орундар үчүн беттешти. Биздин курама алгачкы беттеште Ирландия курамасына 5:10 эсебинде утулса, андан кийин Индия менен ойноп 3:7 эсебинде утулду. Бул жыйынтык менен биз 7-8-орундар үчүн Финляндия курамасы менен кездештик. Акыркы оюн болгондуктанбы билбейм, балдар бардык күчүн жумшап, финляндиялыктарды 9:6 эсебинде утуп алдык.
Муну менен мелдештин жыйынтыгында биздин курама 42 команданын арасында 23-орунду ээледи. Биздин алдыбызда Норвегия болсо, артыбызда Финляндия болду. Мелдештин жеңүүчү талаа ээлери Мексика болуп, 2-орунда Түштүк Африка Республикасы жана 3-орунда Венгрия жайгашты.
- Алдыдагы пландар жана максаттар тууралуу айтсаңыз?
Келе жаткан жылы биз өлкөбүздөгү биринчи көчө футбол боюнча оюн талаасын ачалы деп жатабыз. Алдыда дагы көп жумуш бар, алгач өлкөбүздө көчө футболду кенен жайылтуу болот. Ошондой эле буюрса 2019-жылы көбүрөөк акча топтоп, эл аралык мелдештерге азыркыдан дагы күчтүү курама команданы түзүп барабыз.