Кытайдын Хэйбей провинциясында химиялык заводдун жанында жарылуу орун алып, 20дай жаран жаракат алса, 22 адам каза болду. Мындай маалыматты Reuters басылмасы жазды.
Кырсык катталган Чжанцзякоу аймагы Пекинден 156 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өндүрүштө жаралган кырсыктар Кытай коомчулугунда кескин сындалып келет. 2015-жылы Тяньцзинь шаарындагы химиялык кампадан чыккан жарылуудан 165 адам каза болгон. Кырсыктын келип чыгышына материалдарды туура эмес сактоо болгон. Экологдор аталган өлкөдө коопсуздук боюнча кескин чаралар дале көрүлбөй келгенин айтышат.