Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жылгын айылында 14-июлда саат 18:30 чамасында сел жүргөн. Молток-Сай сел өткөрүүчү каналдан келген сел суулары каналдан ашып, Жылгын айылындагы 7 турак үйдүн короо сарайларын жана огороддорун каптаган. Ошондой эле Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сел өткөрүүчү каналдан келген суулар аталган айылдагы 5 үйдүн огороддорун каптаган. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.