28-ноябрга карган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 5-турунун оюндары орун алды. Анда оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши өттү.
Бул түнү италиялык "Ювентус" өз талаасында испаниялык "Валенсияны" жеңип алса, испаниялык "Реал Мадрид" италиялык "Романы" жеңди. Ал эми орусиялык "ЦСКА" өз талаасында "Виктория" футболдук клубуна утулуп калды.
Азыркы тапта 8 команда алдын ала плей-офф баскычына өтө алышты. Плей-офф баскычына алдын ала Испаниядан 2 клуб, Италиядан 2 клуб, Англиядан 2 клуб, Голландия жана Германиядан 1ден клуб өтүштү. Алар:
"Барселона" (Испания)
"Аякс" (Голландия)
"Реал Мадрид" (Испания)
"Рома" (Италия)
"Ювентус" (Италия)
"Манчестер Юнайтед" (Англия)
"Бавария" (Германия)
"Манчестер Сити" (Англия)
28-ноябрга караган түнү орун алган беттештер:
"Ювентус" - "Валенсия" - 1:0
"Рома" - "Реал Мадрид" - 0:2
"Манчестер Юнайтед" - "Янг Бойз" - 1:0
"Лион" - "Манчестер Сити" - 2:2
"Бавария" - "Бенфика" - 5:1
"Хоффенхайм" - "Шахтёр" - 2:3
"ЦСКА" - "Виктория" - 1:2
"АЕК" - "Аякс" - 0:2