Буга чейин Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жай аныкталгандыгы жана ал жайдын ээси кыз-келиндерге кордук көрсөтүп жүргөндүгү тууралуу маалымдалган.
Маалымат кызматы берген видеодо ал жайда интимдик кызмат көрсөтүп келген аял анын 2 баласы бар экенин, 2009-жылдан бери сойку болуп иштеп жүргөндүгүн айткан.
"Мен 2009-жылдан бери иштейм. Алгач трассада иштечүбүз, кийин үй алганда ошол жакка барып иштеп баштадык. Кардарлар үйгө келчү. Биз короодон эч жакка чыкчу эмеспиз. Күндө таңкы саат төрттө туруп иштеп баштачубуз. Короолорду шыпырып, муздак сууга кир жууп анан кардарларды тейлечүбүз. Дайыма ар кандай нерселер менен уруп "өлтүрүп коём деп" коркутчу. Отуруп чай ичейин деп калсаң "сен ашыкча нан жеп койдуң, семирип кеттиң" деп кемсинткен сөздөрдү айтчу. Башымды көп жолу жарды", - деп билдирген ал.
Ошондой эле ал күндө ур-токмок жей берип психикалык жактан жабыр тарта баштаганын кошумчалаган.
"Сени өлтүрүп, бир жакка алып барып көмүп коём. Сенин эч кимиң жок издей турган" деп эле көргөн сайын ура берчү", - деп кошумчалаган анда кызмат көрсөткөн аялдардын бири.
Ал эми кармалгандардын дагы бири аны ал жакта күч менен кармашканын жана ур-токмоктун айынан анын бир көзү көрбөй калганын айткан.
"Бейтааныш таксинин айдоочусу жумуш издеп жүргөнүмдү билип мени бул жакка алып келип таштап койгон. Келгенде денеңди сатып иштейсиң деди. Менин иштебейм дегениме көнүшкөн жок. Алар менин психикалык жактан жабыр тартарымды билишчү. Кардарларга эч нерсе айтпа алар милиция кызматкерлерине айтып салышат дешкен. Былтыр бутума бычак сайып, бизди жамандасаң өлтүрүп коём деп коркуткан", - деген ал.