Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө 16-ноябрь күнү киши колдуу каза болгон белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери каза болгон жаран 1976-жылы туулган С.Т. экенин аныкташкан. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жана издөө иштери башталган.
Издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылдын 23-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча жогоруда аты аталган 2 жаран спирт ичимдигин чогуу ичишкен. Көп өтпөй экөөнүн ортосунда чыр чыгып Ж.Н. маркумду туюк нерсе менен сабап өлтүргөн.
Териштирүү иштери аяктагыча кылмышка шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда иликтөө уланууда.