Ушул жылдын 13-апрелинде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00 чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү тартылганы менен, базардын 5 миң 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Натыйжада 10-20 жылдап сооданын арты менен үй-бүлөлөрүн багып келген соодагерлердин товарлары өрттөнүп кеткен.
"Соттук отурумдарга барып келип эле жүрөбүз, карыздарыбыздан кутулуп бүтө элекпиз", - деп үшкүргөн соодагерлер жаңы курулуп жаткан имараттын ичинен соода орундарын күтүү менен өрттөнгөн базардын алдындагы унаа өтүүчү жолду "жайма" базар кылып иштеп жатышат.
"Айтканда эмне?, "Эмне өзгөрүлмөк эле?, "Мен айтпай эле коёюнчу!", "Башкасынан сурагылачы!", "Тээтиги эжеге барсаңыз, жакшы сүйлөп берет.." деп эмнеге айткыңыз келбей жатат деген суроонун себебин түшүндүргүсү келбей, аты-жөнүн айтууну каалабаган соодагерлер көп.
"Жайма" базарды айлана басып, сүйлөп берчү адамдарды да таптым. Көпкө чейин кыйылып, анан атын Айнура деп тааныштырган аял, эмне болуп жатканын шашпай айтып берип, сөзүнүн соңунда жетекчиликтен чочулап жатканын чын-тамашасы аралаш айтып, күлдү.
"Берекет" соода түйүнү жаңы курулуп, ишке берилгенден тарта эле ушул жерде иштеп келатам. Орто жолдон соода ордум өрттөнүп кетти. Товарларымдын баары күйүп кетти, карызга баттым. Эми айла жоктон, карыздардан кутулайын деп жолдун боюнда соода кылып жатам. Директор акыркы чогулушта, "Берекеттин" ичинде мурда соода кылгандарга курулуп жаткан имараттын 2-кабатынан орундар берилерин айтты. Бирок биз ага макул эмеспиз. Себеби биздин кардарлар ага көнө албайт.
Улам товарды 2-кабатка ташыгыдай же жаш болбосом. Учурда директордон мурунку соода орундарыбызда калабыз деп талап коюп жатабыз. Бирок ал "мен айткан жакка көчөсүңөр" деген жоопту узатты. Угушума караганда, жаңы салынып жаткан имараттын 1-кабатындагы орундар сатылат экен, 1 чарчы метри 2 миң долларга бааланып жатканын да уктук. Ошол себептен бизди 2-кабатка көчүрөт экен. Жалпы санынан 306 же 308 жабырлануучу бар, кимиси кайсы жагына көчөрү дале так айтыла элек.
Бирок мурун 1-кабаттагылар 2-кабатка көчөрү чечилгенин билебиз. Убагында "кайгырбагыла, эч жакка барбагыла, "силер күйсөңөр, мен да күйдүм, баары мурункудай болот" деп убадалаган. Бирок азыркы күндө "эч ким сыртта калбайт, бирок мен айткан орундарга барасыңар" деген жооп узатууда", - дейт Айнура аттуу соодагер.
Өзүн Айбек деп тааныштырган соодагер жаңы курулуп жаткан имараттын ичинен жабыркагандардын баарына орун берилерин укканын айтты.
Ал эми дагы бир атын атагысы келбеген соодагер буга чейин берилген убадалар менен чындык дал келбей жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Жабырлануучуларга мурда башка нерселер айтылган, ал эми бүгүнкү күндө баары башкача болууда. Айта берсек, сөз көп, өткөндө бир соодагердин күйөөсү менен сүйлөшүп калдым. Ал жаңы курулуп жаткан имараттан соода орундары 1 жылга эле бекер берилерин угуптур. Эгер андай боло турган болсо анда кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп жатат", - дейт ал.
Буга чейин белгилүү болгондой, өрт кырсыгы боюнча соттук отурумдарда зыян тарткан жалпы 319 соодагер сурала турганы айтылган. Өрттүн кесепетинен 450дөн ашык соодагер 600 миллион сомдой зыянга учураган. Алар бир нече ирет өз талаптары менен өкмөт үйүнүн, Ак Үйдүн алдына барышкан. Бирок дароо чечкиндүү жыйынтыктар болбогондуктан Кулиев көчөсүндө 500 метрдей жерди тосуп алып соода кылып келишет.
Өрт боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде соода жайдын директору Рафкат Момункулов камакка алынган. Бирок май айынын башында эле ал үй камагына чыгарылган. "Берекет" соода жайына чейин "Ош базардын" "Сейтек" кичи базарынан да эки ирет өрт чыгып, соодагерлер ири зыянга учураган.
SUPER.KG порталы бул боюнча тиешелүү тараптын билдирүүсүн угуп жарыялайт.