Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 12-июлда Аламүдүн районунун Васильевка жана Гроздь айылдарын бириктирүүчү жолдо Даймлер Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 37 жаштагы Т.С. жогорку ылдамдыкта келе жатып, унааны башкара албай калып, жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен алган жаракаттарынан улам айдоочу каза болгон. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.