Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун бир нече айылында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мектеп окуучулар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-ноябрда Ала-Бука районунун Ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлери райондогу бир нече мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен спорттук иш-чараларды уюштурушкан.
"Жыл ичинде райондо жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 10 кылмыш иши катталган. Мунун негизинде кылмыштуулукту алдын алуу жана окуучулар менен ата-энелердин ортосундагы болгон байланышты бекемдөө максатында инспекция тарабынан волейбол боюнча мелдештер болуп өттү", - деп билдирди маалымат кызматы.
Спорттук иш-чара учурунда ар кандай түшүндүрүү иштери да жүрүп жеңишке жеткен командалар диплом жана баалуу белектер менен сыйланышкан.