Ысык-Атада сарай өрттөнүп 4 бука күйүп кетти

Ысык-Атада сарай өрттөнүп 4 бука күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 28-ноябрдан 29уна караган түнү саат 2:00дөр чамасында чыккан. Анда аянты 700 чарчы метр болгон жыгачтан салынган сарай, 1 миң 500 боо чөп толугу менен күйүп кеткен.

Өрт чектөөгө саат 3:05те алынып толугу менен саат 7:35де өчүрүлгөн. Мындан тышкары өрт учурунда сарай ичинде камалган 4 бука күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2018-11-29 12:47:58
Жаман болуптур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан