Парижде жашаган студент кыз жергиликтүү басылмалардын бирине чач боёгунан улам баш терисинде жаралган аллергиясы тууралуу айтып берди.
19 жаштагы Эстель аттуу студент кыз супермаркеттен кара түскө боёочу чач боёк сатып алган. Боёктун маалымат кагазында ар түрдүү заттарга аллергиясы бар колдонуучулар терисине боёктун аралашмасын сүйкөп, 48 саат күтө туруусу жазылган. Эстель аралашманы терисине сүйкөп, бирок тесттин жыйынтыгын күтпөстөн 30 мүнөттөн кийин эле боёкту чачына сүйкөп салган.
"Көп өтпөй башымдын териси кычышып, төбөсү шиший баштады. Эртең менен турсам башымдын көлөмү 56 сантиметрден 63 сантиметрге чейин чоңоюп кетиптир. Маңдайым эки эсе кеңейип кетти. Башымдын формасы лампочканын формасындай эле болуп калды", - деп айтып берген Эстель. Апасы ооруканага алып барган кызга дарыгерлер тийиштүү дарыны жазып берип кетирип жиберишкен.
Кийинки күнү Эстелдин абалы ого бетер начарлап кеткен. Ал энтигип, тили көөп, жүрөк согуусу тездеп баштаган. Башка ооруканага барган кызга дарыгерлер чукул чара көрүп, 2 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган.