Тасма тартуу үчүн үй-бүлө куруудан баш тартып келген америкалык режиссёр Квентин Тарантино 55 жашында үйлөндү

Америкалык белгилүү актёр, сценарист, режиссёр Квентин Тарантино биринчи жолу 55 жашында үйлөндү. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, актёрдун колун кармаган айым 35 жаштагы израилдик ырчы жана модель Даниэла Пик болгон. Түгөйлөрдүн үлпөт тою Лос-Анжелесте өтүп, ага эки жаштын эң жакындары гана катышкан. Баш кошкондор үйлөнгөнүн жашыруун калтырууну туура көргөн. Бирок түгөйлөрдүн үлпөт кийимдерин даярдаган дизайнер Дана Харель бул кубанычтуу кабарды жашыра алган эмес.

Квентин Тарантино сүйүктүүсү менен Израиль мамлекетине тасма тартуу үчүн барганда таанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AksyKum
2018-11-29 15:52:57
Эки жаштын жакындары гана)))))))
+1
Aisle
2018-11-29 16:01:44
бизде да ушундай болсо кана ээ....200 300адам келет.жарымын таанысан жарымын тааныбайсын деле.
+1
Umakg
2018-11-29 16:14:41
Акчан болсо студентерда тиет контрагын толосон деген экен бир абышка
0
Dembele84
2018-11-29 16:32:37
18-20 жаштагы кыздар деле тиймек,бул актер озу ушуга токтолуптур да сабыр кылып )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан