СПИД менен коштолгон өмүр. Былтыр ВИЧ менен ооруган 25 аял дени сак ымыркайды төрөгөн

1-декабрда СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул илдетти толугу менен айыктыруучу дары жок. Бирок ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүп жатат. Адистер коомчулукта дале болсо маалымат жетишсиздиги бар экенин белгилешет. Жүрөктүн үшүн алган өнөкөт ооруну жеңүү мүмкүнчүлүгү жок болсо да, күрөшүүнү токтотпогондор бар. Аларга кыйын кырдаалда кол сунган адистер ВИЧ статусун алып жүргөндөрдү кодулоого калтырбоо керектигин белгилешет.

Бишкек шаардык СПИД борборунда ВИЧ илдети табылгандарга анализдеринин жыйынтыгы угузулат. Врач-эпидемиолог Насыят Кемелбек кызы көпчүлүгү шок абалда болорун айтат. Ал шаардагы статистикалык маалыматтарга токтолуп, илдетти көбүнчө жыныстык жол менен жуктуруп алышарын билдирди.

Маалыматка караганда Бишкекте ВИЧ оорусу менен жалпы 1402 адам катталган. Алардын 945и эркектер, 457си аялдар. Ал эми быйыл 9 ай аралыгында 221 адамдан ВИЧ табылган. Алардын үчөөсү 2 жашка чейинки жаш балдар.

"Кан тапшыргандан кийин кимдир бирөөдө ВИЧ/СПИД табылса жыйынтыгы биздин борборго келип түшөт. Адамга ооруп калгандыгын айтуудан мурун аны менен сүйлөшүп, ВИЧ тууралуу маалымат беребиз. Алгач көпчүлүгүндө шок болот. Айрымдары маалыматы жок болгондуктан түшүнбөгөн абалда калышат. Биз эмнеден улам жугуп калышы мүмкүндүгүн сурайбыз. 25-45 жаштагылар көбүнчө капыстан жыныстык жолго барганда жуктуруп алышканын айтышат. Эгер эркектер үй-бүлөлүү болушса аялын да текшерүүнү сунуштайбыз. Оорусун моюнга алгысы келбегендер, дарылануудан баш тарткандар болот. ВИЧти жуктуруп алгандар стигматизацияга кабылышат. Мындай учурда биз алар менен байланышып турабыз. Алар биздин борбордон кеңештерди, дары-дармектерди алып турушат", - дейт врач-эпидемиолог.

Ал ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандар салыштырмалуу шаарда үй-бүлөсүндө басмырлоого, кодулоого аз кабылышарын белгиледи.

"Мен билген учурларда үй-бүлөдө жубайлардын биринде вирус табылганда ажырашуулар боло элек. Маалыматы бар болгону үчүн ушундай болуп жатса керек. Түгөйлөрдүн бири ВИЧти алып жүрүп деле чогуу жашагандар бар. Кош бойлуу келиндер дени сак ымыркай төрөгөн учурлар көп. Аял кош бойлуу учурда анализ тапшырганда антителолор иштелип чыга электеги же өткөл маал болуп калса вирус табылбай калышы мүмкүн. Кош бойлуу келиндерди текшерип турабыз. Эгер төрөтканага барганда ВИЧ аныкталып калса дарыгерлер даярдыкта турушкандыктан баласын эмизбей, башка жолдорун карап чыгышат. Дары-дармектерди ичип жүргөн аялдар дени сак баланы төрөй алышат", - деп кошумчалады Насыят Кемелбек кызы.

Бишкек шаардык СПИД борборунда бул илдетке каршы күрөш комплекстүү жүрөт. Оорусу аныкталгандар СПИД менен да кадимкидей жашоону улантууну ушул жактан үйрөнүшөт. "Боштуктарды толуктоо: Калктын аярлуу катмарынын ден соолугу жана укуктары" долбоорунда иштеген психолог Олеся Мироненко ВИЧти алып жүргөн аялдарга жашоого дем берүү менен алектенишерин айтат.

"Учурда 230дан ашуун аял менен иш алып баруудабыз. Өзүнүн абалын кабыл алышында психологиялык жардам беребиз. ВИЧти жуктуруп алгандардан турган атайын топ түзүлгөн. Алар өз ара сүйлөшүп, бири-бирине колдоо көрсөтүшөт. Бул тууралуу укканда эле нес абалда болуп, жашоо бүттү деген ой калыптанганда биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ВИЧ статусуна көнүшүнө жардам беребиз", - деди Мироненко.

Социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш бөлмөнүн төрүндө төрт бурчтук кездемелердин бириктирилип тигилгени илинип турат. Анда 70 майда-майда бөлүкчө бар. Туш келди бириктирилип тигилген туштук же пано ВИЧтен каза болгондордун элесине арналган. СПИДден каза болгондор май айынын акыркы жекшембисинде эскерилет. Бул ооруга дүйнө коомчулугу СПИДге каршы күрөшүү жана курмандыктарын эскерүү күнүндө гана көңүл бурушары өкүнүчтүү экенин Олеся Мироненко белгилеп өттү.

Социалдык маселелер боюнча иш алып барган Айнура Усманова ВИЧ статусу тууралуу угуп, депрессияга кабылгандар менен иш алып барышарын айтат.

"Биз ВИЧ менен ооруган аялдарды тренингдерге жөнөтөбүз. Алар "тигүүчү машина алгым келет, балдарымдын жанында иштейм" дешсе ошого карата бизнес-план жазылып, кайтарымсыз грант берилет. Эгер билими жок болсо массажист, бычмачы, чач тарач боюнча курстарга жөнөтөбүз. Алар окуудан өтүп иштеп башташат. Борборго келген жаш кыздар дагы көп. Дайыма дары ичип тургандыктан аларда СПИДди аныктоо дээрлик жок болуп калат. Сүйлөшкөн жигитине турмушка чыккандар болот. Бизге келген Бишкектеги балдардын саны 21, Чүй облусун кошкондо 35ке жетет. Балдар менен иштешип, алар үчүн акцияларды өткөрүп жатабыз. Азыркы тапта СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата колдо жасалган буюмдардын сынагы жүрүп жаткандыктан биздин балдар да катышып, түрдүү буюмдарды жасашты", - деди шаардагы СПИД борбордун консультанты Айнура Усманова.

Учурда Бишкектеги мектеп окуучулары арасында сынак жүрүп жатат. Алар СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата буюмдарды жасашкан. СПИД борборунун адиси Насыят Кемелбек кызы окуучулардын активдүүлүгүн баса белгилеп өттү. "Балдар кайсы бир буюмду жасарда улууларга, ата-энесине кайрылышат. Анан бирге маалымат издешет. Мындай сынактардан улам маалымат алгандардын саны көбөйөт. Мыкты эмгек тандалат, анан жеңүүчүлөр ар бир райондон дагы аныкталат. Аларга кызыктыруучу белектер бар", - деди ал.
ВИЧ менен жашаган аялдын эмгеги:

ЭМНЕ ҮЧҮН ВИЧ КОРКУНУЧТУУ?

- ВИЧтин алдын алуучу эмдөө дарысы жок.
- ВИЧ адамды өлүмгө алып келет.
-ВИЧ ылдам жайылып бара жатат.
Адамды сыртынан караганда, ал ВИЧ/СПИД илдетине чалдыкканын аныктоого болбойт.
Илдетти жуктуруп алганда ошол замат аныктоого мүмкүн эмес. Орто эсеп менен 3 айдан кийин кан анализин тапшырганда гана аныктаса болот.

ВИЧ ЖУКТУРУП АЛУУНУН ЖОЛДОРУ:

- Илдет жыныстык жол аркылуу жугат. Түгөйлөрдүн бири ВИЧке кабылган болсо жуктуруп албоо үчүн сапаттуу презерватив колдонуу зарыл. Туруксуз, тааныбаган адамдар менен жыныстык катнашка барбаган оң.
- Кан аркылуу жугат: кан куюуда, медициналык ийнелерди жалпыга колдонгондо, баңгилер бир ийнени колдонушканда.
- Энеден балага төрөттө, эмизүү учурунда жугат.

ВИЧ/СПИД ТӨМӨНКҮ УЧУРЛАРДА ЖУКПАЙТ:

- Кол кармашып жана кучакташып көрүшкөндө;
- Өбүшкөндө;
- Курт-кумурскалардын чагышы аркылуу;
- Төшөнчү, кийим-кече аркылуу;
- Шилекей жана көздүн жашы аркылуу;
-Мончо, көлмөлөрдө сууга түшкөндө;
- Тамак-аш жана идиш-аяк аркылуу жукпайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ayka1994
2018-11-29 21:44:22
Эх бир күн табылар толук айыгуунун жолдору.Эң негизгиси үй бүлөдө колдоо керек буларга.
+1
Chungyz
2018-11-29 22:08:25
Аллахым озун меримдуусун 25 бала дени сак торолгонуно
+1
Aikaaaa
2018-11-29 22:49:53
Мен бир нерсеге түшүнбөй калдым, 945 СПИД алып жүрүүчү эркектин аялдарына жукпайбы. Же баарынын семьясы жок го. Түгөйлөрдүн бири ВИЧ ти алып жүрүп деле чогуу жашагандары бар дептир, аларга бири бирине жыныстык жол менен жукпайбы
0
sely
2018-11-29 23:39:04
Aikaaaa,презерватив колдонушат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан