Ушул тапта эс алуучу жайларда хит болуп жаткан “Половина моя” деген ырды Бишкектеги №62-мектеп-гимназиясындагы 2-класстын окуучуларына жаттатты деген музыка мугалими жумуштан кетти.
Мындан бир нече күн мурун интернетте 2-класстын окуучусунун атасы уулуна музыка сабагынан окуткан эжеси балдарга ылайыксыз ырды жаттап келүү тапшырмасын бергенин айтып чыккан. Ал ыр Ата Мекенге же ата-энеге болгон сүйүү жөнүндө эмес.
Мугалим жаттоого берген деген ырда:
"Акыл-эсинен адашкандай,
Сенин жытың, чылымдын жыты" деп чылым, жин-шайтан жана жеңил ойлуулукка азгырган нерселер тууралуу ырдалат.
Окуянын чоо-жайын аныктоо максатында мугалимге нааразы болгон ата, анын уулу билим алган мекеме жана Билим берүү министрлигинен жоопторду алдык.
Окуучунун атасы: "Мектеп болобу, бала бакча болобу окутуу программаларына өзгөчө көңүл буруу керек"
Бул окуя тууралуу билдирген ата-энелердин бири, 2-класстын окуучусунун атасы Сергей Мезенцев төмөнкүлөрдү билдирди:
"Албетте, бул ыр саптарын көргөндө кызыктай абалда болдум. Башталгыч класстагы балдарга “Твой перегар - аромат никотина. Я твой герой - ты моя героиня” деген сөздөрү бар ырды жаттоого бергени акылга сыйбаган нерсе. Чылым деген сөздү уккан жеткинчек дароо чылым, баңгизатты ойлойт да. Бул ыр саптарында сөздөрдүн оюну болуп жатканын тиешелүү адистер деле байкаса керек, "чылымдын түтүнү, герой, героиня" деген сөздөр психологиялык жактан кабыл алууну күчөтөт. Ошол себептен мындай ырды угуу жеткинчектер үчүн коркунучтуу.
Мен бул боюнча маселени көтөрүп чыкканда бирөөнү күнөөлөп же жумуштан алууну көздөгөн эмесмин. Болгону тиешелүү министрлик болобу же мекеме болобу көңүл буруусун максат кылгам. Азыркы мугалимдердин жумушу оор, ар бир класста 45-50 окуучу бар, аларды окутуу физикалык жактан да, психологиялык жактан да чарчоого алып келет.
Ушул жагдай боюнча маалымат чыгып кеткенден кийин мектеп директору менен 2 жолу жолугушууга баргам. Окуянын чоо-жайын түшүндүрүп өз оюмду айттым. Мисал катары айта кетсем, азыркы тапта бала бакчаларда үйрөнгөн бийлерге да таң каласың. Буга чейин интернетте кеңири тараган “аарынын бийи” деген клипти көрсөңүздөр керек, бул 4 жаштагы кыздар бийлей турган бий эмес, түшүнүксүз, ойго келбеген кыймылдар. Айтайын дегеним, кичинекей балдарга туура багытта билим беришибиз керек. Балдар - биздин келечек, алар мектепте жаттаган ырынан, бала бакчада үйрөнгөн бийинен тарбия алышат. Ага биз, ата-энелер, бала бакчадагы тарбиячысы, мектептеги мугалимдер да чоң маани берүүсү абзел”, - дейт Мезенцев.
Мектеп директору: “Ал мугалим “менин балдарга сабак бергенге моралдык укугум жок” деп жумуштан өз каалоосу менен кетти”
Окуя орун алган №62-окуу-тарбиялык комплекси мектеп-гимназиясынын директору Гүлнара Актайлакова бул окуя коомчулукка туура эмес багытта жеткирилгенин айтты.
“Бул түшүнбөстүктүн айынан 13 жылдык окутуу тажрыйбасы бар мугалимибиз биздин мектептен кетип калды. Окуянын башына кайрылсак, ал күнү музыка сабагында өлкөнүн, окуу жайыбыздын гимни, андан башка мектеп программасында бекитилген ырлар да ырдалган.
Сабак бүткөндөн кийин мугалимге 2 окуучу барып “мага интернеттен “Моя половина" деген ырды таап, текстин чыгарып бересизби?” деп суранышкан экен. Мугалим ал ырдын текстине деле маани берген эмес, аны кагаз бетине чыгарып берип койгон. Ошол эки баладан классташтары көчүрүп жазып алып, жаттайбыз деп үйлөрүнө алып кетет. Аны көргөн ата-энелердин бири бул тууралуу таанышына айтып анан интернетке чыгып кеткен.
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, музыка сабагынан берген мугалим экөөбүз түшүнүк кат жазып бердик. Мындан кийин ал мугалим “менин балдарга сабак берүүгө моралдык укугум жок” деп арыз менен келди. Үч жолу аны жумуштан кетпеңиз деп сурандым, бирок ал оюнан кайткан жок”, - деди Актайлакова.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Министрликтен: "Мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча окутуу программалары аймактык билим берүү органдары тарабынан, ал эми мектептердеги окутуу программалары Кыргыз Билим берүү академиясы менен Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилет", - деп билдиришти.
Бирок Актайлакова белгилегендей, жогоруда сөз болгон ырды окуучуларга жаттатуу программада жок.