Саякатчынын Нурбек Адышев 5 айдан бери “Над горой” каналына өзүнүн саякатка чыккан видеолорун киргизип турат. Анда Кыргыз жеринин ажайып кооз жерлерин эч кандай унаасыз эле жөө басып өтөт. Кара-Суу көлү, Кочкордон Ысык-Көлгө чейин, Чоң-Алай, Сары-Челектен Токтогул районуна чейин жөө чыккан сапарларын көрүүгө болот.
“Үйгө келгенде 2 күндө өзүмө келдим. Буттарым чаалыгып калганы үчүн ооруп жатты. Муундар ооруган жок”, - дейт Нурбек Адышев.
Жалал-Абаддан Бишкекти карай тоолор менен жөө басып келген саякатчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№839, 30-ноябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.