Орок айылындагы мектепке жакын көчөлөр абдан кейиштүү абалда. Окуучулар жаан жаап же күн жылып кар эриген күндөрү баса албай калышат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жиберди.
"Айыл ичиндеги көчөлөргө асфальт төшөгөндү койдум, шагыл төгүп коюшса болот эле. Окуучулар мектепке баратканда баткак болуп барышат, кайра үйгө кайтканда да ошондой көрүнүш. Айрымдар мектепке чейин бир бут кийим, мектептин ичине башка бут кийим кийишет. Жөжүрөп, түйшүк тартып бут кийимдерин баштыкка салып көтөрүп жүргөн окуучуларга бооруң ооруйт. Антпесе мектептин ичи ылайдан көрүнбөй кала турган. Окуучулар мектептин алдындагы сууга буттарын салып жуушат. Бут кийимден суу кирет. Ошол бойдон буттары суу боюнча кечке жүрүшөт. Бала деген ойнойт да, баткак чачырап куртка, шым сыяктуу сырт кийимдеринин баары ылай болуп келишет. Бут кийим да түтпөй эрте жыртылат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.