27-ноябрда британиялык "The Guardian" басылмасы Кыргыз өлкөсүндө тартылган сүрөттү айдын мыкты сүрөтү деп атаган. "Адамзаттын портрети" аттуу сынактын жеңүүчүсү болгон сүрөттүн автору Тоби А.Кокс Кыргыз жеринде 3 жылга жакын жашап кеткен. Кокс мектеп окуучуларына англис тилин үйрөтүп, кыргыз элинин диний өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө жетишкен. SUPER.KG порталы учурда АКШнын Вашингтон шаарында жашап жаткан журналист, сүрөтчү менен чакан маек курду.
"Алгач күн сайын 8 сааттан кыргыз тилин үйрөнчүмүн"
- Мен 27 жаштамын, АКШдан болом. 2013-жылы Виржиния университетин аяктагам. Кесибим боюнча Жакынкы Чыгыш тилдерин изилдейм. Күн сайын эртең менен чуркаганды, йога менен машыкканды, айланамда болуп жаткан окуяларды сүрөткө тартканды жана жер кезүүнү жактырам.
Алгач Иорданиядагы Тынчтык корпусунун ыктыярчысы болчумун. 2015-жылы өлкөдөгү кырдаалдан улам бардык ыктыярчылар эвакуацияланып, корпустун кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнө барууну сунушташты. Мен ага макул болуп, 2015-жылдын апрель айында Кыргыз жергесине бардым. Ал жакка барган учурда өлкө тууралуу маалыматым абдан аз болчу. Кыргыз маданиятын жана тилин билчү эмесмин. Мени Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына жайгаштырышты. Күн сайын 8 сааттан кыргыз тилин үйрөнүп жаттым. Башында аябай кыйын болду. Мени окуткан Рахат эже абдан сабырдуу, мыкты мугалим эле. Анын жардамы менен кыргыз элин, тилин тааный баштадым.
Ыктыярчы болуп жүргөндөгү милдетим балдарга англис тилин үйрөтүү болду. Окуучуларга тил үйрөтүп, бүтүрүүчү класстарды жогорку окуу жайларга жөнөтчүбүз. Тимур аттуу мугалим менен биргеликте долбоорлорду жазып, англис тилин үйрөтүүчү курстарды ачканга жетиштик. Ишеналы Арабаев атындагы университетте да маек курсун өткөрчүбүз. Мындан сырткары өлкөдөгү диний өзгөчөлүктөрдү, ислам динин, теңирчиликти изилдедим. Советтер Союзунун динге болгон таасири тууралуу макалаларды жаздым.
"Кыргыз үй-бүлөм мекенимден алыс жактагы жашоомду жеңилдетти"
- Кыргыз тилин үйрөнүү мөөнөтү бүткөндөн кийин Сокулуктагы Төрткүл айылында бир тургундун үйүндө жашап калдым. Ал жакта Тимур менен чогуу 3-11-класстын окуучуларына англис тилин үйрөтүп жаттык.
Мени камкордукка алган тургундар экинчи үй-бүлөм болуп калды. Атам, апам жана Фарида, Аида, Бурул, Омар деген бир туугандарым бар эле. Чогуу жашаган 3 жылдын аралыгында абдан сонун күндөр өттү. Биргеликте түрдүү оюндарды ойноп, кыргыз эли менен америкалыктардын маданияты тууралуу сүйлөшчүбүз. Апам мага шырдак тиккенди, оюу салганды жана башка көп нерселерди үйрөттү. Пейили кенен, жүрөгү таза адамдар менен тууган болууга мүмкүнчүлүк болгону үчүн абдан кубанычтамын. Экинчи үй-бүлөм менин мекенимден алыстагы жашоомду жеңилдетишти. Алар жок мага абдан кыйын болмок.
"Жети облустун баарын кыдырып чыктым"
- Кыргыз өлкөсү мага жакты, абдан кооз өлкө экен. Өмүрүмдө биринчи жолу тоолорду жакындан көрдүм. Бул мен үчүн өзгөчө сезимдер болду. Өлкөнүн 7 облусун кыдырып, жадакалса Баткендеги Айгүл гүлүн көрдүм. Азыр ал жакта менин досторум көп. Эң жакын досторум - экинчи үй-бүлөм, алар менен социалдык тармактардан сүйлөшүп турабыз. Апам, сиңдилерим бат-баттан чалып турушат. Алардын жашоосунда болуп жаткан өзгөрүүлөрү жана Кыргыз жериндеги жаңылыктарды билип турам.
"Кыргыздар мени тааныбаса да жардам колун сунууга даяр болчу"
- Биринчи кезекте мага кыргыз эли жакты. Экинчи үй-бүлөм, досторум, жадакалса мени тааныбаган кыргыздар керектүү учурда жардам колун сунууга даяр эле. Бишкекте адашып кетүүдөн коркчу эмесмин. Анткени жолдон өткөн ар бир адам барчу жерди көрсөтүп, айрымдар жеткирип да койчу. Экинчиден, мөмө-жемиштер сонун эле. Айрыкча кулпунай, малина, шабдалы жана дарбыз. Алардын даамы азыр да эсимден кете элек. Кыргыз өлкөсүндөгү мөмө-жемиштер АКШныкына караганда мыкты.
"Тамаша" деген сөздү англисчеге которуп берем деп тууганымды таарынтып ала жаздагам"
- Апамдын Баткендеги үйүнө барганда кызыктуу окуя болгон. Апамдын туугандарынын бири "тамаша" деген сөздү силердин тилде кантип айтат" деп сурап калды. Которуп берсем, кайталап сурады. Түшүнбөй калган окшойт деп кайра айтсам баары мени карап таарынган сыяктуу унчукпай калышты. Апам мага шыбырап, "Тоби, ал "тамаша" деген сөздүн англисчесин билгиси келип жатат" деди. Ошол кезде баарыбыз эмне болуп жатканын түшүнбөй, бири-бирибизди карап калдык. Көрсө англисче "тамаша" (joke) деген сөз кыргыз тилинде "жок" деген сөз менен үндөшүп кетет экен. Абалды түшүнгөн соң баарыбыз каткырып күлүп калдык.
Көпчүлүк убактымды кыргыз апам менен өткөрчүмүн. Мен ага англисче "картошка", "вилка" "чай" сыяктуу бир топ сөздөрдү үйрөтүп койгом. Бир жолу кимдир бирөө үйдүн эшигин жаппай кетиптир. Апам мага "эшикти жап" дегенди силер кантип айтасыңар деди. Мен которуп бердим. Ошондон кийин ким эшикти ачып кетсе англис тилинде "эшикти жап (Close the door)" деп айтып, мага карап жылмайып койчу. Бул менин маанайымды абдан көтөрчү. Анткени апам англис тилинде күлкүлүү сүйлөчү.
"Эл аралык сынакта жеңүүчү болгон сүрөт Нарын-Бишкек жолунда тартылган"
- Мен Кыргыз жергесине "Фулбрайт" аттуу программа аркылуу баргам. "Фулбрайт" мамлекеттик программасы АКШлык студенттер үчүн башка өлкөлөрдө билим алууга, ошондой эле чет элдик студенттерге АКШда билим алуусуна шарт түзөт. Аталган программа "National Geographic" журналы менен өнөктөш болгондуктан биз сыяктуу студенттердин макалалары, сүрөттөрү журналга жарыяланып турат. Менин "National Geographic" журналы үчүн Кыргыз өлкөсүндө тартылган сүрөтүм британиялык "The Guardian" басылмасы уюштурган сынакка катышып, айдын жыйынтыгында жеңүүчү болуп табылды.
Ал сүрөт Нарындан Бишкекке келе жаткан жолдо тартылган. Досум экөөбүз унаанын артындагы отургучунда келе жаткан балдарды көрүп калдык. Алар жолдон өткөн унааларга кол булгалап, ойноп жатышкан. Бул учур балдардын бейкапар жашоосун сүрөттөп, менин жашоомдогу бардык көйгөйлөрүмдү унуттуруп, балалыкка кайра алып келгендей болду. Фотоаппаратымды алып чыгып сүрөткө тартып калууга жетиштим.
"Кыргыз жерине сөзсүз түрдө кайтып барам"
- Кыргыз жерине сөзсүз түрдө кайтып барам. Ал жактагы досторумду, окуучуларымды, үй-бүлөмдү абдан сагындым. Тоолорду, Баткендеги Айгүл гүлүн, Нарындагы Таш-Рабатты, Ысык-Көлдү кайра көрүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Жакынкы 2-3 жылдын ичинде же болбосо андан дагы эртерээк Кыргыз өлкөсүнө барып келүүгө ниетим бар.