Лейлекте күйөөсүн балта менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-ноябрь күнү кечинде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 50 жаштагы Г.А. аттуу аялы менен 51 жаштагы күйөөсү экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо уруш чыккан. Ачууланган аялы күйөөсүн эт чапкан балта менен башына бир нече жолу урган. Оор жаракаттардан улам 51 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерден каза болуп калган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү аял камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.