Быйыл террорчулукка үгүттөгөн делген 24 интернет-сайт, социалдык түйүндөгү 5 баракча жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында УКМКнын өкүлү Асылбек Кожобеков билдирди.
Анын айтымында, сайттарды жабуу боюнча 8 соттук чечим кабыл алынган. "УКМК террорчулукка жана экстремизмге үгүттөгөн социалдык тармактагы баракчаларды жабууга техникалык мүмкүнчүлүк жоктугунан өз алдынча жаап сала албайт. Мындан улам сайттардын администрациясына расмий каттар жөнөтүлөт", - деди Кожобеков.
Учурда фракция жыйында маалыматтык коопсуздук боюнча маселе талкууланып жатат.