Үч адамды өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган 78 жаштагы америкалык пенсионер 90 адамды өлтүргөнүн моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Самюэл Литтл мурун селсаяк болгон жана уурулук менен алектенип келген. 2012-жылы ал АКШнын Кентукки штатынан баңгизатка байланыштуу кылмышка шектелип кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында ал 1987-1989-жылдар аралыгында 3 аялды өлтүргөнү аныкталып, ал өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин ал 35 жыл аралыгында өлкө аймагынан 90дон ашуун адамды өлтүргөнүн айтып, көрсөтмө берген. Ал берген көрсөтмөлөрдүн ичинен 34 факт Федералдык изилдөө бюросу тарабынан аныкталган.
"Кылмышкер жасаган ар бир кылмышында жасаган кыймыл-аракеттеринен бери эстеп жүргөн. Ал бокс менен машыкчу жана ар бир өлтүргөн адамын алгач эсин оодара чаап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Ал сойкулук кылган жана баңгизат колдонгон аялдарды өлтүрүп келген. Кылмышкер өлтүргөн аялдардын денесинен эч кандай көк ала тактар табылбагандыктан ал окуялар кокустук же баңги затты ашыкча колдонгондуктан каза болгон деп катталып келген. Тиешелүү органдар тарабынан кылмышкер өлтүргөн 60 адамдын тизмеси түзүлүп жана анын алгачкы адам өлтүрүү фактысы 1970 же 1971-жылы болгон. Ал өлтүргөндөрдүн эң жашы 16 жашта болгон", - деп айтылат маалыматта.