Депутат Иса Өмүркулов интернеттин терс таасирлерине каршы аракеттер көрүлбөй жатканын айтты
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов интернеттин терс таасирлерине каршы аракеттер көрүлбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда аталган фракциянын жыйынында билдирди.
"Социалдык түйүндөрдүн таасири боюнча эмне чара көрүлөт деген конкреттүү маселе коюлушу керек. Бүгүнкү күндө тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине таасир тийгизип жатат. Өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калды. Буга өтө олуттуу мамиле кылуу керек. Окумуштууларыбызды илимий жактан көмөктөшүүгө тартуу, тиешелүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, теле-радио аркылуу каршы аракеттерди көрүү, заманбап жабдууларды сатып алуу, өнөктөш өлкөлөр менен бул жаатта кызматташуу сыяктуу комплекстүү чаралар көрүлүшү шарт", - дейт Өмүркулов.
Өкмөттүн маалыматтык коопсуздук боюнча маалыматы "жетишсиз" деген баа добушка коюлуп, жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен бул чечим колдоо тапты.