Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын прапорщиги өзүн-өзү атып каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына аталган мекемеден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн түшкө маал Беловодск айылында жайгашкан №16-түзөтүү колониясында курал сактоочу жайында орун алган. Анда 1997-жылы туулган прапорщик өзүнүн табелдик куралынан ок чыгарып каза болгон.
"Маркумдун жанынан кат табылган. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, тиешелүү мекемелер териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти ЖАМКтан.