Эртең футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу турунда Кыргыз курама командасы Өзбекстан менен беттешет

Эртең, 1-декабрда футзал боюнча Кыргыз курама командасы 2019-жылы өтүүчү жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу турунун алкагында Өзбекстан менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Аталган мелдеш 1-4-декабрь аралыгында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Тандап алуу турунда жалпы 18 курама команда күч сынашат. Алар Борбор, Чыгыш жана Батыш аймактарына бөлүнүп, ар бир аймактын өкүлдөрү 2ден тайпага кирген. Кыргыз курама командасы Борбор аймагынын "В" тайпасына кирип, Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен беттешет. Тандап алуу турунун жыйынтыгында финалдык бөлүгүнө ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген бир команда аттанат.

Алгачкы беттеште Кыргыз курама командасы Өзбекстан менен 1-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө кез келет.

Тайпалардын тизмеси:

"А" тайпасы: Ооганстан, Иран жана Түркмөнстан;

"В" тайпасы: Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү.

1-декабрда өтүүчү беттештер:

Саат 20:00дө: Кыргыз өлкөсү - Өзбекстан;

2-декабрда өтүүчү беттештер:

Саат 17:00дө: Тажикстан - Кыргыз өлкөсү;

3-декабрда өтүүчү беттештер:

Саат 20:00дө: Өзбекстан - Тажикистан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zahid
2018-11-30 19:32:57
Олкосу деп бироонун мекени жонундо соз болгондой жазасынарго. Ата мекенибиз дегиле же Кыргызстан дегиле. Акыл уйротуп жатат деп ойлобогула. Окуганда ынгайсыз абалда калам
0
admin_portal
2018-11-30 20:57:58
zahid,
Саламатсызбы, порталдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер болсо купуя кат аркылуу жибериңиз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан