Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик жол менен алынып бараткан жүк кармалды. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты.
Аталган жүк 29-ноябрда кармалган.
"Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айыл аймагында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен 1993-жылы туулган М.А. аттуу Кыргыз жараны токтотулган. Анын унаасына тинтүү жүргүзгөндө аткезчилик жолу менен алып өтүп бараткан тамекилер табылган. Унаа мамлекеттик көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн эмес. Товардын жалпы суммасы 500 миң сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Аталган кызматтан кошумчалангандай, кармалган жарандын жанында товарга болгон тиешелүү документтери болгон эмес. Жаранга административдик айып салынып, алынган жүк УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилди.