Токмок шаарында жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткен айым изделүүдө

Токмок шаарында жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткен айым изделип жатканын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 13-июлда болжол менен саат 22:55те Токмоктогу үйдүн алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Педиатрлар кызды медициналык текшерүүдөн өткөргөндө ал үй шартында төрөлгөндүгү аныкталган. Бирок анын ден соолугу канааттандырарлык экенин айтышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, ымыркайды ким таштап кеткендиги такталууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан