Бишкектеги Дордой жаңы конушунда 5 койду уурдаган жаран колго түшүрүлдү
Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, аймактык инспектор тарабынан "5 баш койду уурдап кеткен" деген шек менен 1970-жылы туулган К.Э. кармалды. Иликтөөдө шектүүнүн 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү Дордой жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен жалпы суммасы 25000 сомго бааланган койлорду уурдап кеткендиги аныкталды. Учурда бул кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.