Өзүн-өзү атып каза болгон прапорщиктин сүйлөшкөн кызы асынып каза болгон соң, ал өз жанын кыйган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
"Каза болгон прапорщик 21 жашта болгон. Ал өзүн-өзү атып салгандан кийин жанынан кат табылган. Катта ата-энесинен кечирим сурагандыгы, анын өлүмү үчүн өзү иштеген жетекчиликтин эч кандай күнөөсү жок экендиги жана жалпы кызматташкан кесиптештерине ыраазы экени жазылган", - деп билдирди.
Өздүк булактан билдиришкендей, маркумдун 19 жаштагы сүйлөшкөн кызы асынып алган. Анын өлүмүнүн себеби белгисиз, ошондой эле кыз колдонгон телефонуна сыр белги коюп койгондуктан аны эч ким ача алган эмес. Ал Каракол шаарындагы медициналык окуу жайында окуганын айтат.
"Каза болгон прапорщиктин катында бул жашоодо сүйлөшкөн кызы жок жашай албастыгын айтып, аны менен бирге болуу үчүн ушундай кадамга барып жатканы жазылган", - деди өздүк булак.
Ал эми бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, кат жогорудагыдай мааниде жазылганын, бирок кат маркумдун ата-энесинин макулдугу менен гана жарыялана турганын билдирди.