Антонина Шевченко кореялык мушкерди утуп алды

Кыргыз мушкери Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешинде түштүк кореялык мушкер Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымат боюнча, беттеш 30-ноябрда Лас-Вегас шаарында болгон.

Кореялык мушкердин салмагы Антонина Шевченкодун салмагынан 2,7 килограммга көп болгон. Тактап айтканда, Жи Йон Ким 59,19 болсо кыргыз мушкериники 56,47 болгон. Беттеште эки мушкер үч раунд бою кармашып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш Шевченкого ыйгарылганы жазылат маалыматта.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qwer007
2018-12-01 16:19:34
Куттуктайбыз. Красавица. Алга Кыргызстан
+4
rysik79
2018-12-01 16:54:32
Аззаматсын!
+4
erjigit-e.15
2018-12-01 20:13:41
Азаматсын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан