Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын депутаты Динагүл Тасова ич кийимсиз подиумга чыккан. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Депутаттын ич кийимсиз подиумга чыккан сүрөтү социалдык түйүндөргө кызуу талкууланууда.
Маалыматка ылайык, Динагүл Тасова Fashion Night Astana мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда ал Dana Dyusembayeva мода үйүнүн кийимдерин кийип чыккан. Динагүл Тасова ушул жылдын октябрь айында "КМШ топ модели-2018" сынагына катышып, белгилүү болгон. Депутат өзүнүн баракчасына жарыялаган сүрөтүндө төшүн быйтыкча менен жаап койгон.