1-2-декабрда Өзбекстанда футзал боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугуна тандап алуу турлар өттү. Анда Кыргыз курама командасы Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен беттешти.
Өзбекстанга каршы беттеште кыргыз футзалчылары татыктуу оюн көрсөткөнү менен, өзбекстандыктар 3:6 эсебинде жеңип алды.
Ал эми Тажикстанга каршы беттеште Кыргыз курама командасы мыктыраак болуп, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, тандап алуу турунда жалпы 18 курама команда күч сынашып жатат. Алар Борбор, Чыгыш жана Батыш аймактарына бөлүнүп, ар бир аймактын өкүлдөрү 2ден тайпага кирген. Кыргыз курама командасы Борбор аймагынын "В" тайпасына кирип, Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен туш келген. Тандап алуу турунун жыйынтыгында финалдык бөлүккө ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген бир команда аттанат.
"В" тайпасынын акыркы оюну бүгүн, 3-декабрда орун алат, анда Өзбекстан курамасы Тажикстанга туш келет. Бул беттештин жыйынтыгында 2019-жылы өтүүчү жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө өткөн команда белгилүү болот.
Тайпалардын тизмеси:
"А" тайпасы: Ооганстан, Иран жана Түркмөнстан;
"В" тайпасы: Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү.
1-декабрда өткөн беттеш:
Кыргыз өлкөсү - Өзбекстан - 6:3;
2-декабрда өткөн беттеш:
Тажикстан - Кыргыз өлкөсү - 1:6;
3-декабрда өтүүчү беттеш:
Саат 20:00дө: Өзбекстан - Тажикстан.