2020-жылы өтүүчү футбол боюнча Европа чемпиондугу: Орусия менен Казакстан бир тайпага туш келди (чүчү кулактын жыйынтыгы)

Кечээ, 2-декабрда Ирландиянын Дублин шаарында 2020-жылы өтүүчү футбол боюнча Европа чемпиондугунун тандап алуу турунун чүчү кулак аземи орун алды. Анда 55 курама команда 10 тайпага бөлүндү.

Тандап алуу турунун жыйынтыгында ар бир тайпадан 1-2-орундарды ээлеген курамалар финалдык этапка өтөт. Жалпы эсепте финалдык этапта Европанын 24 курама командасы күч сынашат. Анда дагы 4 жолдомо Улуттар Лигасы мелдешинин жыйынтыгында ойнотулат.

Европа чемпиондугу 2020-жылдын 12-июнунан 12-июлуна чейин Европанын 12 шаарында орун алат. Мелдештин жарым финалы жана финалы Англиянын "Уэмбли" стадионунда өтөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Talant_27
2018-12-03 12:45:25
Кайран Казактар Бул жагынан Кыргыздан ашыптыр аны мойунга алыш керек, Келечек алдыда,
0
bekmaral
2018-12-03 13:14:35
Talant_27,Кандайча кыргыздардан ашат.Алар Европада кыргыздар Азияда ойносо экоо эки башка континентте ойноп атса кандай ашмак эле.
+2
R_u_S
2018-12-03 13:38:58
Эмнеге казактардын желеги жашыл түстө?
+1
nur_zhoni
2018-12-03 13:40:56
казакстан европага кирбейтго
0
Eka.kg
2018-12-03 13:50:28
Голландия (Нидерланды) менен Португалиянын желеги окшошко.))
0
Adi.Avazbekov
2018-12-03 17:24:11
Eka.kg,окшош эмес португалиянын желеги экоо тен. Нидерландынын желеги башкача кызыл ак кок болуш керек францияныкындай бирок горизонталныйынын тизилген
0
urmat94
2018-12-03 14:21:22
Баардык тайпадан биринчи тургандар финалдык этапка отот экен да
+1
Mambet4444
2018-12-03 15:18:37
Казактар футболдон европага кошулуп алышкан.
+1
Boha1
2018-12-03 18:43:53
Аргентина кайсы жака карайт
0
Jetigen99
2018-12-09 02:47:58
Boha1,түштүк Америка
0
nursultan.mamatkalyk
2018-12-03 23:49:00
Кыл чайнашкан ойун болбойт экен да
+1
Antalyamanavgat
2018-12-04 00:03:38
Күчтүү командалар туш келбептир го жарым финал кызыйт окшойт
0
madrid7000
2018-12-05 15:05:28
Antalyamanavgat,Бул ЕВРО 2020га тандап алуу оюндары.
1-2-чи орун алгандар 2020га жолдомо алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан