Лейлекте жайытка жылкы издеп кеткен адам 4 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К.М. аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн жылкы издеп Ак-Таш жайытына кеткен. Бирок ошол бойдон кайтып келген эмес.
"2-декабрь күнү саат 11:10до Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 11 куткаруучу, саат 12:10до ӨКМнын Баткен облустук башкармалыгынан 3 кызматкер, Лейлек райондук бөлүмүнөн 5 кызматкер, ӨКМнын №31-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ӨКМнын №26-АӨКБдан 1 куткаруучу, жалпы санынан 25 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок натыйжа берген эмес. Куткаруучулар жеринде чатыр тигип түнөп калышкан. Издөө иштери бүгүн да улантылат", - деп айтылат маалыматта.