Соцфонд: "Түркияда 15 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз мигранттары пенсиясын мекенинен ала алышат"

Түркияда мыйзамдуу иштеген Кыргыз жарандары пенсиясын өз мекенинде алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, келишимге ылайык Түркия 15 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз мигранттарынын пенсиясын мекенине которуп берет.

"Аталган өлкөдө бул жөлөк пулдар орточо эсеп менен 350 долларды түзөт. Мындан тышкары жарандар Кыргыз мамлекетинде иштеген мезгил үчүн дагы пенсия ала алат. Ушундай эле эреже биздин өлкөдөгү Түрк мигранттарына да тиешелүү", - дейт Социалдык фонддун төрагасы.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, Түркияда иштеген жалпы Кыргыз жарандарынын саны 30 миңге жакын. Мунун ичинен 11 миң 500 Кыргыз мигранттары мыйзамдуу түрдө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшөт.

Мындан тышкары Корея мамлекети менен да келишимдер түзүлүп, 9 Корей жаранына дал ушундай пенсия төлөнүп берилгенин Медер Ирсалиев кошумчалады.

"Италия, Кувейт мамлекеттеринде Кыргыз жарандарынын саны башка мамлекеттерге караганда көбүрөөк экен. Ошол себептен ал мамлекеттер менен да биздин расмий иштеген жарандарыбызга пенсия төлөп берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Ирсалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Atas
2018-12-03 14:53:57
Дуркияга барбагыла ал жакта кыргыздарды сыйлабайт
+1
CEO1
2018-12-03 14:57:14
Кыскасы тоонун куйругу жерге тийгенде экен да. Пенсиядан умут узуп кое бергиле...
0
Jasa
2018-12-04 00:36:58
Россиячы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан