Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик социалдык фонддун 2019-жылга карата бюджети талкууланды.
Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров 40 жылдык стажы бар мугалимдин пенсиясы 5 миң сом болуп калбашы керектигин айтты.
"40 жыл иштеген мугалим 5 миң сом, ал эми 15-20 жыл иштеген мугалимдин пенсиясы 10 миң сом болуп калбашы керек. Ар бир жарандын мамлекет тарабынан алган жөлөк пулун изилдеп берүү зарыл. Колу жеткендер алып, жетпегендер аз акча менен отуруп калганы туура эмес. Бардыгына бирдей мамиле болсун", - деди эл өкүлү.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 2019-жылдын бюджеттик долбоорунда пенсиянын көлөмүн көбөйтүүгө 659 миллион 209 миң сом көлөмүндө каражат каралганын билдирди.