Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган эки аял Бишкектен жакындарынын сөөгүн жерге берип келе жатышкан

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган эки аял Бишкек шаарынан жакындарынын сөөгүн жерге берип кайтып келе жатышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кырсыктан буту сынган 70 жаштагы Фарида Абдулаеванын күйөө баласы Рысбек төмөнкүлөрдү билдирди.

Анын айтымында, маркум аял ооруканага түшкөн Фарида Абдулаеванын келини болгон.

"Шаардан апам, жеңем дагы 3 адам болуп келе жатышкан. Семёновка айылынан өткөндө жолдон дааратканага токтошуптур. Каза болгон жеңем менен кайненем жолдон өтүп, жол четинде токтоп турган унаанын эшигин ачып түшүп жатышканда артынан келе жаткан унаа аларды сүзүп токтоптур. Биздин оюбузча, сүзгөн унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан. Азырынча айдоочу кайда экенин, эмне болуп жатканы тууралуу маалыматыбыз деле жок. Себеби баарыбыз аза күтүп жатабыз. Эртең жеңебизди акыркы сапарга узаткандан кийин ал жактан кабар алабыз", - деди ал.

Ал эми унаадагы 3 адам жаракат алышкан эмес.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, эки аял ооруканага түшүп, бири каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Skarlett-Skarlett
2018-12-03 19:49:44
Ажал
+2
Skarlett-Skarlett
2018-12-03 19:50:27
Арты кайырлуу болсун
+4
Feiza1982
2018-12-04 02:23:52
Учуруп айдайт тим эле машинаны шашпай эле айдаса болотго .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан