Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Аталган долбоор үчүнчү окууда талкууланат. Ал эми 20-ноябрда комитет экинчи окууда жактырган.
Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеп, өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Анда “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу сунушталган. Долбоордун максаты - бардык учактарга Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүк берүү. Ал үчүн "Аба кодексине" "аба эркиндигинин 5-даражасын" киргизүү зарыл.