Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу сактагычка чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, 14-июль күнү Базар-Коргон суу сактагычына сууга түшүп жатып чөгүп кеткен аталган райондун Чкалов айылынын тургуну 25 жаштагы Р.С. аттуу жарандын сөөгү ӨКМ кызматкерлери тарабынан бүгүн табылды.