Футзал боюнча Кыргыз курама командасы жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна жолдомо утуп алышты

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугунун финалдык раундуна жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, тандап алуу турунда жалпы 18 курама команда күч сынашкан. Алар Борбор, Чыгыш жана Батыш аймактарына бөлүнүп, ар бир аймактын өкүлдөрү 2ден тайпага кирген. Кыргыз курама командасы Борбор аймагынын "В" тайпасына кирип, Өзбекстан жана Тажикстан курамалары менен туш келген. "В" тайпасындагы тандап алуу раунд Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.

1-турда Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасы менен беттешип, 3:6 эсебинде жеңилип калган. 2-турда Кыргыз курамасы Тажикстан курамасына каршы беттеште эсепти 6:1 кылып жеңишке жеткен. Ал эми 3-турда Тажикстан курамасы 7:2 эсебинде өзбекстандык футзалчыларды жеңип алышты.

Муну менен бардык командалар 3 упайдан ээ болуп, жеңүүчү голдордун айырмасы боюнча аныкталмай болду. Анда Кыргыз курама командасы 1-орунду, Тажикстан 2-орунду жана Өзбекстан 3-орунду ээлеп калды.

Футзал боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугу 2019-жылы орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2018-12-04 10:10:54
Ай молодцы жигиттер !!!
0
BekAmir
2018-12-04 10:51:38
Азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан