Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Бул долбоордун негизги демилгечиси - депутат Абдывахап Нурбаев. Долбоор "Ачык асман" деп аталып, максаты бардык учактарга Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Талкууда депутат Улугбек Ормонов долбоорго каршы пикир билдирди. Ал эми комитеттин калган мүчөлөрү документти колдоп, мыйзам долбоору ишке кирген 6 айдан кийин жыйынтыгын берерин айтышты. Мындан тышкары алар ички авиа каттамдарын толук жандандыруу керектигин белгилешти.