Интернетте "Түндүк" бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Элнура Мамбетжунушева жана статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Умукеева кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады. Маалыматта айтылгандай, кармалган кызматкерлер бажы төлөмдөрү тууралуу жасалма документтерди берүүгө шектелип жатат.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы аталган маалымат боюнча азырынча комментарий берилбей турганын билдиришти:
"Азырынча бажы бекетинин кызматкерлеринин кармалгандыгы тууралуу маалыматты тастыктай албайбыз, четке да какпайбыз. Бул тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилет", - деди мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур.
Ал эми Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз катчылыгы иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берилбей турганын билдирди.