Ибрагим Жунусов Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Ибрагим Жунусов Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Аталган жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда кол койгонун президенттик аппараттан таратышты.

Жунусовдун талапкерлигин 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырган. Ал буга чейин Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген.

Кыргыздын Өзбекстандагы элчиси болуп 2016-жылдан 2018-жылдын мартына чейин Данияр Сыдыков иштеп келген. Ал жазда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери элчинин орду бош турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samat777
2018-12-04 17:14:55
Бул Туркияда иштеп жургондо бирнерсе кыйраттыбы, тыныраак иштеген жок. Бул жактагы мигранттарга жардам бере алган жок.
+2
stimyl.kg
2018-12-04 17:32:53
Бул киши кайсы бийлик,кимдин өкмөтү болбосун кошоматты катыра билген амалкөй адам экенда,качан болсо майлуу кызматтардан түшпөй келе жатат. Бул кишини бакиевдик,атамбевдик кадр десек абдан туура болот. Өлкөнүн өсүшүнө негизги кадам,биринчиден,эски эчнерсеге эби жок,мамлеккетке түкпайдасы жок кадрлардан арылып таза жана иштерман заманбап көз карашта ойжүгүркөн кадрларды алып келүү керек. Мына ошондо өлкөнүн өсүү жолу туура нукка бурулмак. Түркияда иштеди,эмнени кыйратты?
+6
Erik2018
2018-12-04 17:36:38
Эмне башка элчилер кыйратып жатыптырбы. Ибрагим Жунусов жакшы иштеди. Саясаттан алыс оз ишин мыкты билген инсан. Ырчылар башкаларга караганда жакшы иштешет.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан