Хоккей боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн Кыргыз курама командасы Филиппин менен беттешет

Бүгүн, 5-декабрда Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугуна Кыргыз курама командасы Филиппин менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Аталган мелдеш Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 8 команданын катышуусунда өтүп жатат. Кыргыз курама командасы чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары жана Филиппин курамалары менен бирге кирген.

Бүгүн кыргыз хоккейчилер Филиппин курама командасы менен кез келсе, БАЭ курамасы Малайзия менен кездешет.

"А" тайпасынын беттештеринин тизмеси:

5-декабрь:

Саат 12:30да Кыргыз өлкөсү - Филиппин;

Саат 16:00дө БАЭ - Малайзия;

7-декабрь:

Саат 12:00дө Кыргыз өлкөсү - БАЭ;

Саат 15:30да Малайзия - Филиппин;

8-декабрь:

Саат 12:00дө Филиппин - БАЭ;

Саат 15:30да Малайзия - Кыргыз өлкөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Take_men
2018-12-05 09:42:05
Биздин хоккейчилердин аракети жакшы. Алга Дордой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан