Бишкекте №17-каттамдагы троллейбус менен жеңил унаа жол кырсыгына кабылды. Кырсык бүгүн, 5-декабрь күнү Юнусалиев жана Жигулевская көчөлөрүнүн кесилишинде катталганын SUPER.KG'ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, троллейбустун айдоочусу ооруканага жиберилген. Ал эми троллейбустун ичинде бараткан жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.